Омсктун 19 ишканасы Бишкек менен Оштон өнөктөш издеп жатышат
Кыргызстанга Омсктон 19 ишкананын өкүлдөрү келип өнөктөш издеп жатышат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Такталгандай, иш-чара 18-21апрелине чейин өтөт. Омск делегациясынын курамына айыл чарба техникасын өндүрүүгө, стандарттуу эмес технологиялык жабдууларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, тигүү өндүрүшүнө, дан соодасына, макарон азыктарын өндүрүүгө, үрөн өндүрүүгө, саламаттык сактоого, билим берүүгө, туризмге жана башкаларга адистешкен 19 компаниянын өкүлдөрү кирет.
Иш сапардын алкагында Ошто бизнес-форум болуп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнө бизнес-өнөктөш таап, келишим түзө алышты. Мындан тышкары, Бишкекте өнөктөштөрдү издөө жана сооданы өнүктүрүү максатында россиялык жана Кыргыз компанияларынын ортосунда бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.
Форум 20-апрелде «Новотель» мейманканасында саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтөт. Чакырууну карап чыгып, кызыкдар болгон учурда 0312-613874, 0132613876 же электрондук почта info@cci.kg, members@cci.kg аркылуу ырастаса болот.