Омсктун 19 ишканасы Бишкек менен Оштон өнөктөш издеп жатышат

Кыргызстанга Омсктон 19 ишкананын өкүлдөрү келип өнөктөш издеп жатышат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Такталгандай, иш-чара 18-21апрелине чейин өтөт. Омск делегациясынын курамына айыл чарба техникасын өндүрүүгө, стандарттуу эмес технологиялык жабдууларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, тигүү өндүрүшүнө, дан соодасына,  макарон азыктарын өндүрүүгө, үрөн өндүрүүгө, саламаттык сактоого, билим берүүгө, туризмге жана башкаларга адистешкен 19 компаниянын өкүлдөрү кирет.

Иш сапардын алкагында Ошто бизнес-форум болуп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнө бизнес-өнөктөш таап, келишим түзө алышты. Мындан тышкары, Бишкекте өнөктөштөрдү издөө жана сооданы өнүктүрүү максатында россиялык жана Кыргыз компанияларынын ортосунда бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.

Форум 20-апрелде «Новотель» мейманканасында саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтөт. Чакырууну карап чыгып, кызыкдар болгон учурда 0312-613874, 0132613876 же электрондук почта info@cci.kg, members@cci.kg аркылуу ырастаса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун