Кыргызстан менен БАЭ «Абу-Даби Кыргыз Инвестменттин» иштөө маселесин талкуулашты

Кыргызстан менен БАЭ «Абу-Даби Кыргыз Инвестменттин» иштөө маселесин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тараптар биргелешип түзүлгөн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун мындан ары иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоо менен тараптар КРнын экономикасына тартылган эмираттык инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнүн жогорку динамикасын, анын ичинде энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну белгилешти.

Бул багытта БАЭнин Masdar компаниясы тарабынан КР аймагында күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Черногориянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

23-24-март күндөрү Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөрү пландалууда. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары,

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкекте Жибек Жолу көпүрөсүнүн түштүк бөлүгү да пайдаланууга берилет

Бишкек шаарында 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы болгону 9 метрди түзүп, жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Оңдоо  иштеринин натыйжасында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, анын туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Жыл башында Кыргызстанда күйүүчү май арзандап, айрым товарлар кымбаттады

Быйыл январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туруктуу өсүш динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга 0,12%дык пункт өлчөмүндө салым кошту. Айрыкча, кийим-кече жана бут кийим 1,2%га,

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Кыргызстанда инфляцияга азык-түлүк баалары түрткү болууда

Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң динамика сакталууда. Бул мурдагы жылдары калыптанган туруктуу өсүү тенденциялары улантылып жатканын көрсөтөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып билдирди. Отчеттук мезгилде инфляцияга негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Аталган товарлардын баасы орто эсеп менен 2,1%га