Сингапурлук UOB Kay Hian Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар

Сингапурлук UOB Kay Hian Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров UOB Kay Hian компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин башында турган Сингапурдан келген инвесторлор менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, UOB Kay Hian компаниясы 1900-жылдардын башында түзүлгөн жана Биржа брокерлеринин Сингапур ассоциациясын негиздөөчүлөрүнүн бири, Сингапур фондулук биржасынын мүчөсү жана Азиядагы эң ири брокердик компания.

Мындан тышкары окуңуз

"КУЭТ" компаниясынын 135 млн сомдук акциялар пакети Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди

"КУЭТ" компаниясынын 135 млн сомдук акциялар пакети Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) ААК компаниясынын баалуу кагаз ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-мартынан тарта "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги" мекемеси компаниянын 81 млн 596 миң 189 даана жөнөкөй акциясынын ээси болуп калды. Бул аталган компаниянын уставдык капиталындагы 0,18% үлүштү

Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат

Бишкекте күн сайын билетсиз жүргөн 20га жакын адамга протокол толтурулуп жатат

Бишкек шаарында коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирет. Күн сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эрежени бузган жарандарга карата 10дон 20га чейин протокол түзүлүүдө. Билетсиз жүргөндөр үчүн 1000 сом айып пул каралган. Транспорт департаменти жол киренин баасы 20 сом экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аны өз убагында

Бишкектеги Орозо айт майрамына карата айт намазына 30 миңден ашуун адам чогулду

Бишкектеги Орозо айт майрамына карата айт намазына 30 миңден ашуун адам чогулду

Эртең менен эрте эле борбордук аянтка шаардын ар тарабынан адамдар агыла баштады. Таң атканга чейин эле мейкиндик толо баштап, жарандар үй-бүлөлөрү менен, колдоруна жайнамаздарын кармап келишип, сап-сап болуп тизиле башташты. Намаз башталганга карата аянт дээрлик толуп калды. Ишенгендер борбордук бөлүктү гана эмес, ага чектеш көчөлөрдү да ээлеп, ийин тирешип турушту.

"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды

"Ала-Тоо Резорттун" жер тилкелери боюнча аукциондун II этабы жарыяланды

"Ала-Тоо Резорт" ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер тилкелери боюнча аукциондун экинчи этабы жарыяланганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондо курулушу жүрүп жаткан "Жыргалаң" курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36