КР менен Кытай «Торугарт» жана «Иркештамдын» өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну талкуулашты

КР менен Кытай «Торугарт» жана «Иркештамдын» өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну талкуулашты

2023-жылдын 26-апрелинде Сиань шаарында «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин 4-жолугушуусуна катышуу алкагында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин КЭР Тышкы иштер министри Цинь Ган менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Такталгандай, министрлер «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну талкуулашты.

Кулубаев «Бир алкак – бир жол» долбоорунун маанилүү чынжырчасы боло турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практика жүзүндө ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун