Ысык-Ата районунда ичүүчү суу менен камсыздоо системасын курулат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Маалыматка ылайык, райондун жашоочулары ичүүчү суунун жоктугу боюнча бир нече ирет кайрылышкан, ага байланыштуу ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого республикалык бюджеттен 68 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 200 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы казылып жатат, оңдоо иштери аяктагандан кийин 4 500дөн ашуун адам таза суу менен камсыз болот.


