Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаранды аныктап, кармашты.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда шектүү ишенимге кирип, Токмок шаарынан кант жана күрүч сатып алып, кийин сатуудан түшкөн пайданы тең бөлүшөбүз деген шылтоо менен биргелешкен бизнеске акча салууну сунуштаган.

Ошентип, З.П. арыздануучудан 2 млн 950 миң сом алып, бир айдын ичинде кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок акчаны алгандан кийин жашырынып кеткен жана бүгүнкү күнгө чейин милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкек шаардык ГУВДнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда керектүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media