Эмгек министрлиги: Жумушсуздардын саны 2.5% кыскарды

Эмгек министрлиги: Жумушсуздардын саны 2.5% кыскарды

2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537.9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142.6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2.5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0.5%га кыскарган.

Буга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттеринин арты менен жетишилди. Мисалы, чакан бизнес ачууга 100 миң сом берүү, «Эмгек үчүн тамак-аш/акча» долбоорлорун ишке ашыруу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу иш-чаралары өз үзүрүн берүүдө.

Натыйжада республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2.9%ын түздү.

Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

Соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы глобалдык блокчейн-экосистема болгон Binance, ошондой эле Bakai экосистемасы Binance Pay жана Bakai Pay кызматынын ишке киргизилгенин жарыялашты. Бул чечим өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн сомго байланган KGST стейблкоининин жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат Binance Pay инфраструктурасын

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешев "Кумтор Голд Компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн айлык маянасын жана "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин сынга алды. Анын айтымында, 55 миң доллар өлчөмүндөгү айлык Бөлтүрүк үчүн нормалдуу болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул "өтө жогору" сумма болуп саналат. "Менимче, мындай айлыкты

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаранды аныктап, кармашты. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда шектүү ишенимге кирип, Токмок шаарынан кант