Эркечтамда жүк ташуучу унаалардан мыйзамсыз акча чогултуу аныкталды

Эркечтамда жүк ташуучу унаалардан мыйзамсыз акча чогултуу аныкталды

«Эркечтам-унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз акча чогултуу аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз ташып өтүү үчүн чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен эки ишкана жең учунан сүйлөшүп алып, системалуу түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген.

«Жогоруда аталган схема атайын ишкерлерди түзүүдөн турган, алардын негизги иши “Д” ЖЧКсы менен “А” АКга автотранспорт каражатынын ар бир айдоочусунан кезекке туруу үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мажбурлап өндүрүү болгон, ага ылайык айдоочуларга  «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген жана контейнерлерди жана жабдууларды кайра жүктөө үчүн крандарды колдонуу $100 түзгөн», - беп мекеме белгиледи.

Коррупциялык схеманы жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жүк ташууну көбөйтүүгө, жүк ташуу наркын төмөндөтүүгө жана жогоруда аталган субъекттер тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн монополиялык шарттарды жоюуга мүмкүндүк берди. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

BAKAI жана Binance экосистемалары Кыргызстанда KGST стейблкоинин колдонуу менен төлөм сервистеринин интеграциясын ишке киргизгенин жарыялайт

Соода көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржасы жана алдыңкы глобалдык блокчейн-экосистема болгон Binance, ошондой эле Bakai экосистемасы Binance Pay жана Bakai Pay кызматынын ишке киргизилгенин жарыялашты. Бул чечим өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн сомго байланган KGST стейблкоининин жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат Binance Pay инфраструктурасын

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешов Теңгиз Бөлтүрүктүн 55 миң доллар айлыгын сынга алды

Дастан Бекешев "Кумтор Голд Компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн айлык маянасын жана "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин сынга алды. Анын айтымында, 55 миң доллар өлчөмүндөгү айлык Бөлтүрүк үчүн нормалдуу болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул "өтө жогору" сумма болуп саналат. "Менимче, мындай айлыкты

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте 3 млн сом алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаранды аныктап, кармашты. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Гагарин көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайда шектүү ишенимге кирип, Токмок шаарынан кант