2023-жылдын башынан бери 26.1 миң жаранга пенсия дайындалды
КР Соцфонду 2023-жылдын январь-апрель айларында 26 155 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Ошонун ичинде 2023-жылы апрель айында 4 601 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча
1 109 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.