Кыргызстан аркылуу Европага жасалма виза менен кетирүүчү мыйзамсыз каналы аныкталды

Кыргызстан аркылуу Европага жасалма виза менен кетирүүчү мыйзамсыз каналы аныкталды

Кыргызстан аркылуу чет элдик жарандарды туристтерге жамынтып Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, уюштуруучулар кармалып, имшердигине бөгөт коюлду.

«2023-жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма Шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды жана мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды», - деп УКМК белгиледи.

Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

2026-жылдын I чейрегинде мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери жылдык салыштырмада 37%га өскөнүн Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун салыштыруу көрсөткөн. Жалпысынан республикада салыктар түрүндө 129,2 млрд сом жыйналган — бул 2025-жылдын I чейрегине караганда 35 млрд сомго көп. Бул сумманын ичинен: * республикалык бюджетке — 117,2 млрд сом * жергиликтүү бюджеттерге (шаар

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева өлкөнүн PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтыктары мурдагы жылдарга караганда жакшыраак болот деп эсептейт. Анын айтымында, бул изилдөөнү өткөргөн ОЭСР азырынча жыйынтыктарды жарыялай элек. Министр белгилегендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар натыйжалуу болуп, өсүү көрсөткүчтөрү байкалууда. Ошол эле учурда ал чоң секирик

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

"Дастан" заводунун эсептегичтери Кытайдыкынан 2,5 эсе кымбат – Ө.Жеңишбеков

Өткөн жылы Кыргызстанда орнотулган 500 миң "акылдуу" эсептегич Кытайдан 14 млн долларга сатылып алынганын Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Талкуу учурунда депутат Улукбек Ормонов ири каражаттар өлкөдөн чыгып кетип жатканын айтып, ата мекендик өндүрүүчүлөр бар же жок экенине кызыкты. Өмүрбек Жеңишбековдун

Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын саясат жана маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров, Эдил Байсаловго Кыргызстандын эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку