Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм жана спорт министрлигине караштуу Туризм индустриясы комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун туризмди өнүктүрүү боюнча жаңыланган мастер-планы, 2030-жылга чейинки туризм тармагындагы кызматташтык планы, жайгаштыруу объектилерин бирдиктүү классификациялоо системасын киргизүү, консультативдик кеңешти түзүү жана туризм тармагындагы кесиптик стандарттарды өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Департаменттин өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Бишкек шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?