Ноокатта «Кадастрдын» кызматкерлери 65 гектарды мыйзамсыз беришкен

Ноокатта «Кадастрдын» кызматкерлери 65 гектарды  мыйзамсыз беришкен

Ноокат районунда 65 гектардан ашык жер аянты жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, жер тилкелери Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан. Алар жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берилген.

«Бул факт боюнча, Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери, жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан», - деп мекеме белгиледи.

2023-жылдын 2-июнунда КР УКМК кызматкерлери Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Канал-Янтарь жээги” эл аралык операциясынын алкагында психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төрт жаран кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

29-июнда өлкөнүн энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн 112 миң кВт/саатка жетти. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому билдирди. Ишкананын маалыматына караганда, бул — жай мезгилинде катталган тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын 29-июнунда керектөө болжол менен 40 млн кВт/сааттын тегерегинде

Кеминдин дизайн-коду боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кеминдин дизайн-коду боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кемин шаарынын борбордук бөлүгүндө жеке ишкерлер менен жолугушуу уюштурулуп, шаардын дизайн-коду жана архитектуралык бирдиктүү көрүнүшү боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө шаардын сырткы келбетин иретке келтирүү, фасаддарды бирдиктүү стандартка ылайыкташтыруу, көрнөк-жарнактарды тартипке салуу жана жалпы шаардык эстетиканы жакшыртуу маселелери талкууланды. Жеке ишкерлер

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан бала бакча ачылды

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан бала бакча ачылды

Ош шаарындагы №76 Курманжан датка бала бакчасы климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан технологиялар менен жабдылып, жаңыланып, кайра пайдаланууга берилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакчанын жамааты жана ата-энелер катышты. Иш-чарада Масуда Айдарбекова өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган