Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

29-июнда өлкөнүн энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн 112 миң кВт/саатка жетти. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому билдирди.

Ишкананын маалыматына караганда, бул — жай мезгилинде катталган тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын 29-июнунда керектөө болжол менен 40 млн кВт/сааттын тегерегинде болгон.

Компания электр энергиясын керектөөнүн өсүшүн жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу, социалдык мекемелердин жана өнөр жай объекттеринин көбөйүшү менен байланыштырууда.

Керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке өсүп жатат. Ушуга байланыштуу ишкана калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын өчүрүп турууну эскертти.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан 2026-жылы жалпы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп божомолдонгон. Анын 15,7 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлсө, калган 4 млрд кВт/сааты коңшу мамлекеттерден импорттолот.

Адистердин айтымында, Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн электр энергиясы ички керектөөнү толук жаппагандыктан, күз-кыш мезгилдеринде Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан электр энергиясын сатып алууга туура келет.

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,