Кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүшүнүн көлөмү 122.8 млрд сомду түздү

Кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүшүнүн көлөмү 122.8 млрд сомду түздү
Photo by Markus Spiske / Unsplash

Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайынын 2023-жылдын январь-май айларында өндүрүштүн көлөмү 122.8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, төмөнкү тармактардын көлөмү да өскөн: химиялык продукцияда – 21.8%га, текстиль өндүрүшүндө, кийим-кече жана бут кийим өндүрүшүндө, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарда – 29.2%га, жыгач жана кагаз буюмдарында, полиграфияда – 19.3%га, резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары – 15.3%, фармацевтика – 25.7%, тамак-аш азыктары (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки буюмдары – 8.2%га.

Муну менен катар эле негизги металлдарды өндүрүү 6.8%га жана мунай продуктуларын өндүрүү 1.3%га кыскарган.

Пайдалуу кендерди казып алууда өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январь-май айларында 19 млрд сомду. Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылууда өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январь-май айларында 22.3 млрд сомду түзүп, кыскаруунун эсебинен 0.2%га кыскарган.

Суу менен камсыз кылуунун, тазалоонун, калдыктарды тазалоонун жана экинчилик сырьенун көлөмү 1.5 млрд сомду түздү.

2023-жылдын январь-май айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 71.1 млрд сомго өндүрүлгөн. 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 2.4% түздү.

2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын 12%га өсүшү менен камсыз кылынды, ал эми тышкы булактардын көлөмү, тескерисинче, 27.4%га кыскарды.

Экономиканын кызмат көрсөтүүчү тармактарынын түзүмүндө эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода – 26.6%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр – 10.2% ээлейт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун