Баткенге ипотекалык үйлөр курулат – турак жайлар пайдаланууга 2024-жылы берилет

Баткенге ипотекалык үйлөр курулат – турак жайлар пайдаланууга 2024-жылы берилет

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу  КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20 турак үй Баткен районун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат. Алар турак жери 12сотыхтан болгон жер тамдар болот. Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулат.

Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө.

Күз айларында курулушту баштоо, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт жолуна түшкөн таштар тазаланууда

Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 214 – 270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок – Кубакы унаа жолунун 26-чакырымына чейинки тилкеде жолго түшкөн таштарды тазалоо жана катуу жаандан кийинки кесепеттерди жоюу иштери жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдорду тазалоо иштери №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Учурда аталган унаа

Кыргызстан менен Германия калкты иш менен камсыздоону талкуулашты

Кыргызстан менен Германия калкты иш менен камсыздоону талкуулашты

2-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Германиянын Мекленбург – Алдыңкы Померания федералдык жеринин Экономика, инфраструктура, туризм жана эмгек министрлигинин статс-катчысы Йохен Шульте менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы эл

112 млн сомго бааланган конок үйү мамлекетке кайтарылды

112 млн сомго бааланган конок үйү мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата курортунун аймагындагы мыйзамсыз менчикке берилген конок үйүнүн имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ысык-Ата райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2005-жылы Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан 5 кабаттуу жалпы аянты 2128,48 чарчы метрди түзгөн конок үйүнүн имараты жана ага чектеш 0,

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү.  Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты.  Бул иш-