Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү. 

Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты. 

Бул иш-чара “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында ишке ашкан "Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында медициналык чөйрөнү жакшыртуу долбоорунун" бир бөлүгү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы баасы 10 миллион сомдук эки негизги медициналык жабдуу тапшырылды:

Трансуретралдык резекция үчүн эндоскопиялык стойка 

Проктологиялык ооруларды дарылоо үчүн ультра үндүү диссектор 

Маанилүүсү: Бул заманбап аппараттардын жардамы менен бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты бир топ жогорулап, дарылоо мөөнөтү эки эсеге чейин кыскарат деп күтүлүүдө.

 

 

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды