Келерки эки жылда КРга 35 миң электромобиль бажы алымы жок киргизилет

Келерки эки жылда КРга 35 миң электромобиль бажы алымы жок киргизилет

2024-2025-жылдары 35 миӊ электромобиль бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткарган Нурсултан Ашымбеков "Спутник" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарын импортоого тарифтик жеңилдиктер берилет жана ошондой эле негизги максат ири шаарлардагы автоунаадан чыккан зыяндуу заттарды азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу, инновациялык технологияларды өнүктүрүү болуп саналат.

"2022-жылдын 17-мартында "Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын жана ЕЭК кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЕЭК кеңешинин чечими кабыл алынган. Бул чечим менен өлкөгө импорттолуучу электрмобилдердин айрым түрлөрүн (8703 80 000 2 TH СЭА коду боюнча) ташып келгендер бажы алымдарын төлөөдөн бошотулган.
Алсак, 2022-жылы беш миң жана 2023-жылга 10 миң даана бирдик унаага жеңилдик берилген. Бул жеңилдиктин мөөнөтүн дагы эки жылга узартуу үчүн Экономика министрлиги ЕЭКтин кеңешине сунуш киргизип колдоо тапты. Ага ылайык, 2024-жылга 15 миң жана 2025-жылга 20 миң темир тулпарга квота берилип, электромобиль бажы алымдарын төлөөдөн бошотулмай болду", — дейт Ашымбеков.

Экономика министрлигинин өкүлү жеңилдиктер боюнча 2021-жылы өлкөгө 205, 2022-жылы 1550 электромобиль алып келингенин, учурда унааларды кубаттоочу 50дөн ашык станция бар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык