“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды. 

Төлөм жүргүзүү үчүн картадан же тизмеден унаа токтотуучу жайдын аймагын тандап, унаанын мамлекеттик номерин көрсөтүү жана төлөмдү ырастоо жетиштүү. 

Унаа токтотуучу жайдын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Белгилей кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөнбөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Экологиялык талаптарды бузган полигонго 23 миң сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды бузган полигонго 23 миң сом айып пул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайда өрт чыккандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында таштанды полигонун эксплуатациялоодо экологиялык талаптардын сакталбаганы белгилүү болду. Аталган

Кочкордо 21 социалдык жана инфраструктуралык объект курулууда

Кочкордо 21 социалдык жана инфраструктуралык объект курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы 21 жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттинкурулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев курулуш объектилерин жеринде кыдырып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык

Кыргызстан алты айда 19,9 миң тоннадан ашык сүт продукциясын экспорттоду

Кыргызстан алты айда 19,9 миң тоннадан ашык сүт продукциясын экспорттоду

2026-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге сүт жана бал продукцияларын экспорттоону активдүү улантты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Отчеттук мезгилде өлкөдөн жалпысынан 19 915,55 тонна сүт продукциясы экспорттолду. Анын ичинде 2 339 тонна балмуздак,

Саммитке карата Бишкекте шаардык инфраструктура жаңыланууда

Саммитке карата Бишкекте шаардык инфраструктура жаңыланууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада реконструкцияланып жаткан объектилерди жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдыктын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде текшерди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, көчмө жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы реконструкцияланып жаткан көчөлөрдөгү иштердин жүрүшү менен таанышып, жол инфраструктурасын жаңылоо менен катар аймактарды сапаттуу жашылдандырууну, имараттардын фасаддарын жана расмий