ЖИА Ошто Көчмөн Бизнес Аянтча – 2023 иш-чарасын өткөрөт – эки күн калды

ЖИА Ошто Көчмөн Бизнес Аянтча – 2023 иш-чарасын өткөрөт – эки күн калды

JIA Бизнес-ассоциациясы 2023-жылдын 19-20-август күндөрү Ошто Көчмөн Бизнес Аянтча-2023 иш-чарасын өткөрөт. Иш-чарага Бишкек, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунан 350-400 ишкердик катышуучу күтүлүүдө. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

ЖИАдан билдиришкендей, иш-чарада өлкөдөгү алдыңкы спикерлер "Супара" этнокомплексинин жетекчиси  Жаңылсынзат Турганбаева, Гарвард бизнес мектеби, Хьюстон университети, METU (Middle East Technical University) сыяктуу алдыңкы окуу жайлардын бүтүрүп дүйнөнүн ири компанияларында инженер болуп эмгектенген жаш жубайлар Эмиль Билгазыев менен Мунара Толубаева, "Ак Кеме" курулуш компаниясынын жетекчиси Рахматулла Мадазимовдор тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Ошондой эле улуттук оюндар, туризм жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барган товар жана кызматтардын көргөзмө-жарманкеси, маданий иш-чара менен коштолот.

Көчмөн бизнес аянтча – JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан жыл сайын ар кайсы аймакта өлкө ишкерлерин чогултуу, маалымат алмашуу жана кызматташтыкты чындоо максатында өткөрүлүп келет. Бул жылы иш-чара ички туризмди өнүктүрүүгө багытталат. Буга чейин Талас жаана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.
  • Иш-чара: 19-20-августта өтөт
  • Дареги: Ош, Rayan Resort Сары-Ой
  • Толук маалымат жана билеттерди сатып алуу үчүн: +996 755 88 08 48 телефонуна кайрылсаңыз болот.

  • Башкы демөөрчү: "АвтоЯ" Кыргызстандагы заманбап унаа борбору
  • Расмий демөөрчү:  "Карагай" курулуш компаниясы
  • Расмий демөөрчү: Automall мультибренддик унаа салону

JIA бизнес-ассоциациясы – КРнын өнүгүүсү үчүн ишкерлердин инновациялык, социалдык жоопкерчиликтүү жана ачык коомун өөрчүтүүнү көздөгөн коммерциялык эмес уюм.  Ассоциация Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен сырткары дагы кулачын жайып, 1200дөн ашуун компанияларды, чакан, орто жана ири бизнести бириктирип турат. JIA 2006-жылы республиканын ишкерлеринин демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул тармактык комитеттер, клубдар, ишкердикти колдоо борборлору жана мыкты адистери бар көп секторлуу уюм.

Мындан тышкары окуңуз

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Анын алкагында 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзү маалымат таратты. Бүгүн, 20-апрелде Эрмат Джумаев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көрөбаев жана тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Кыргызстан  турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

Кыргызстан турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

2026-жылдын январь–февраль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпысынан 17 млн 548,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген ЕЭКтин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Жалпысынан ЕАЭБ боюнча турак жайды пайдаланууга берүү өткөн жылга салыштырмалуу 27,2%га кыскарган. Ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө өсүш байкалган: * Арменияда — 137,6%га; * Казакстанда — 9,

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинде аркан жолунун курулушу аяктаганын долбоорду ишке ашыруучулар билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, учурда аркан жолу сыноо режиминде ишке киргизилип, тестирлөөдөн өтүп жатат. Инфраструктурада аркан жолун иштетүү жана башкаруу үчүн үч станция каралган. Объекттин узундугу 2 миң 280 метрди түзөт. Аркан жолунун курамына үч станция кирет.

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕФСР) аналитиктери Кыргызстан боюнча макроэкономикалык божомолду жогорулатышты. Алардын күтүүсүнө ылайык, 2026-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 8,3% өсүп, болжол менен 2 трлн 334,8 млрд сомго жетет. 2026-жылы экономиканын ылдам өсүшүнүн негизги фактору фискалдык стимулдардын кеңейиши болот. Мамлекет социалдык чыгымдарды көбөйтөт: бюджет кызматкерлеринин айлык