Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган. Имаратта билим алууга ыңгайлуу бардык шарттар каралат.

Азыркы учурда Ош шаарында билим берүү тармагында ири курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан шаар боюнча 17 мектептин курулушу башталган.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бул көрүнүштү тарыхый учур катары баалап, шаарда заманбап мектептер, бала бакчалар жана социалдык объекттер курулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле быйыл шаарда жалпысынан 12 социалдык объект пайдаланууга берилери маалымдалды. Алардын катарына бала бакчалар, спорт залдар, жаштар борборлору жана башка мекемелер кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&