Казакстанга сууну графикке жана протоколго жараша бердик — КР Айыл чарба министрлиги

Казакстанга сууну графикке жана протоколго жараша бердик — КР Айыл чарба министрлиги

КР Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстандын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарганын билдирди.  

Министрлик  суу бөлүштүрүү графикке жана протоколго ылайык берилгенин белгиледи.

"Киров суу сактагычынын долбоордук көлөмү 550.0 млн м3. Киров суу сактагычынан 2023-жылдын 21-апрелинде суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. м3, суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарды", - деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын 22-августуна карата абал боюнча Киров суу сактагычынын көлөмү 14.5 млн м3 түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 92.1 млн м3 аз, бүгүнкү күндө суунун келиши 0.7 м3/сек, башкача айтканда, суу көбөйгөн жок, 2022-жылы суунун келиши секундасына 13.7 куб метрди түзүп жаткан болчу.

Эскерте кетсек, 13-августта КР Айыл чарба министрлиги Казакстанга сугат суу берүү келиши убактылуу токтогонун маалымдаган болчу. Ошондой эле кечээ, 21-августта чек арада казак тарап кыргызстандык унааларды кое бербей жатканын айрымдар ушул суу маселесине байланыштырышты.

КРнын Айыл чарба министрлигинин Кыргызстан сугат чарба илим-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев өзүнүн Facebook баракчасында унаалардын өтпөй жатканын да сууга байланыштырган.

"Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар.
Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү ахыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры", - деп жазды ал.

Мындан тышкары окуңуз

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Анын алкагында 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзү маалымат таратты. Бүгүн, 20-апрелде Эрмат Джумаев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көрөбаев жана тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Кыргызстан  турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

Кыргызстан турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

2026-жылдын январь–февраль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпысынан 17 млн 548,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген ЕЭКтин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Жалпысынан ЕАЭБ боюнча турак жайды пайдаланууга берүү өткөн жылга салыштырмалуу 27,2%га кыскарган. Ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө өсүш байкалган: * Арменияда — 137,6%га; * Казакстанда — 9,

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинде аркан жолунун курулушу аяктаганын долбоорду ишке ашыруучулар билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, учурда аркан жолу сыноо режиминде ишке киргизилип, тестирлөөдөн өтүп жатат. Инфраструктурада аркан жолун иштетүү жана башкаруу үчүн үч станция каралган. Объекттин узундугу 2 миң 280 метрди түзөт. Аркан жолунун курамына үч станция кирет.

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕФСР) аналитиктери Кыргызстан боюнча макроэкономикалык божомолду жогорулатышты. Алардын күтүүсүнө ылайык, 2026-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 8,3% өсүп, болжол менен 2 трлн 334,8 млрд сомго жетет. 2026-жылы экономиканын ылдам өсүшүнүн негизги фактору фискалдык стимулдардын кеңейиши болот. Мамлекет социалдык чыгымдарды көбөйтөт: бюджет кызматкерлеринин айлык