Кыргызстан менен Беларустун өкмөттөрү төрт документке кол коюшту

Кыргызстан менен Беларустун өкмөттөрү төрт документке кол коюшту

Минск шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын он биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Тараптар кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жыйындын күн тартибинде өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу, аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү жана башка маселелер каралды.

МинКаб Төрагасынын орун басары өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

• жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилге эки тараптуу иш-чаралардын кеңири спектрин камтыган жолугушуунун протоколу;

• Жалал-Абад облусу менен Гродно облусунун ортосундагы кызматташуунун жол картасы;

• «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Беларусь темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

• «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен «Белжелдорпроект» институту» долбоорлоо-изилдөө республикалык унитардык ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун