Улуттук банк: Алтындын баасы кескин кымбаттоодо
Бүгүн Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясы 355 миң 856,5 сом деп белгиленди. Бул – алтындын баасы бир эле күндө 5 миң 339 сомго кымбаттаганын көрсөтүп турат.
Кечээ, 8-октябрда алтындын бир унциясы (31,1035 грамм) 350 миң 517,5 сомдон кайра сатып алынган. Ал эми сатуу баасы бүгүн 361 миң 194 сом деп белгиленди.
Адистердин айтымында, дүйнөлүк базарлардагы туруксуздук жана геосаясий чыңалуу баалуу металлдардын, анын ичинде алтындын баасына түз таасир этүүдө.