Финансы министрлиги ишкерлерди пайызсыз кредит менен каржылады

«Кичи-чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында, Финансы министрлиги ишкерлерге 9 млрд 435 млн сомдон ашык пайызсыз кредит берди. Аталган министрликтен маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин кризиске каршы иш-чаралар планын ишке ашыруу алкагынды, Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржылануучу “КРнын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке кирген.
Ага ылайык, 2025-жылдын 1-октябрына карата жалпы берилген насыялардын суммасы 9 млрд 435 млн 925 миң 306 сомду түздү. Аларды 11 миң 821 ишкер алган.
1-категория боюнча (1 млн чейин) – 9 миң 630 ишкерге берилген.
2-категория боюнча (3 млн чейин) – 2 миң 191 ишкерге берилген.
Долбоорго катышуу шарттары:
Насыяны колдонуу мөөнөтү - 36 айга чейин, жеңилдетилген мөөнөтү - 3 айга чейин
1-категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер.
2-категория – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кеминде 6 ай иш жүргүзгөн жана жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар. Ал эми айыл чарба тармагы каржыланган жок.