Критикалык мааниге ээ минералдар секторун өнүктүрүү талкууланды

Критикалык мааниге ээ минералдар секторун өнүктүрүү талкууланды

Мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда  “Борбор Азияда критикалык мааниге ээ минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу регионалдык семинар уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Экономика жана Коммерция министрлигинен кабарлашты.

Анын жүрүшүндө, негизги тема катары критикалык мааниге ээ минералдар секторундагы салык саясаты, жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү стандарттары, ошондой эле өнөр жай тармагындагы экологиялык тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу маселелери козголголду.

Маалымат үчүн: «Борбор Азияда критикалык мааниге ээ минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоор Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор Казакстанды, Кыргыз Республиканын жана Өзбекстанды камтыйт.  

Мындан тышкары окуңуз

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев катышты. Тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө механикалаштырылган кызмат көрсөткөн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. МТСтер айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоого, лизингди өнүктүрүүгө жана тармакты техникалык жактан жаңылоого көмөктөшүү максатында 2016-жылдан бери түзүлүп келет. Учурда республикадагы

Бишкекте туризм боюнча кыргыз-кытай долбоорлору талкууланды

Бишкекте туризм боюнча кыргыз-кытай долбоорлору талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Кытайдын Нанкин шаарынан келген SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууга мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, анын орун басары Рустам Алишеров, департаменттин кызматкерлери жана SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын башкармалыгынын

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин