Караколдо 70 млн сомго Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда

Караколдо 70 млн сомго Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Объекттин жалпы сметалык баасы 70 миллион сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Жаңы имарат үч кабаттуу болуп, заманбап шарттар менен жабдылмакчы. Анын жалпы аянты 950 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштерин “ЭКАРАС-5” жоопкерчилиги чектелген коому аткарууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, объект толугу менен бүткөрүлгөн соң Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарт түзүлүп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев катышты. Тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө механикалаштырылган кызмат көрсөткөн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. МТСтер айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоого, лизингди өнүктүрүүгө жана тармакты техникалык жактан жаңылоого көмөктөшүү максатында 2016-жылдан бери түзүлүп келет. Учурда республикадагы

Бишкекте туризм боюнча кыргыз-кытай долбоорлору талкууланды

Бишкекте туризм боюнча кыргыз-кытай долбоорлору талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Кытайдын Нанкин шаарынан келген SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууга мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, анын орун басары Рустам Алишеров, департаменттин кызматкерлери жана SOHO Culture Group Co., Ltd. компаниясынын башкармалыгынын

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин