КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси Вашингтондо талкууланды

КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу маселеси Вашингтондо талкууланды

КРнын финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтонто болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык финансы корпорациясынын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Ооганстан жана Пакистан боюнча вице-президенти Риккардо Пулити менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда экономиканын жеке секторун өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын негизги багыттары, Эл аралык финансы корпорациясынын стратегиялык долбоорлорду каржылоого катышуусу, чет элдик инвесторлорду тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды.

Финансы министрлиги Эл аралык финансы корпорациясынын чийки затка байланышпаган экономика тармактарына, анын ичинде агроөнөр жай комплекси, кайра жаралуучу энергетика, чакан гидроэлектростанциялар жана күн станциялары, ошондой эле транспорт жана шаардык логистика тармагындагы долбоорлорго кызыкдар  экенин билдирди.         

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы конструктивдүү кызматташууга, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жана КРнын инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызнефтегаз" ААКсына Самсаалы Четимбаев жетекчи болду

"Кыргызнефтегаз" ААКсына Самсаалы Четимбаев жетекчи болду

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги(ММБМА) билдирди. Маалыматка ылайык, дайындоо чечимин компаниянын директорлор кеңеши кабыл алган. Четимбаевдин талапкерлигин коомдун негизги акционери катары ММБМА сунуштап, андан соң аны Министрлер кабинети макулдашкан. Жаңы жетекчини жамаатка мамлекеттик агенттиктин директорунун орун

Ысык-Көл райондук прокуратурасынын жаңы  имараты ачылды

Ысык-Көл райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Ысык-Көл районунда прокуратуранын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Башкы прокурору М.Асаналиев катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ачылыш аземинде Башкы прокурор өз сөзүндө прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн институционалдык жактан бекемдөө мамлекет тарабынан туруктуу колдоого алынып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин чыңдоо

Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт

Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт

Президенттин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгында белгиленген тапшырмалардын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Аталган жарлык жана министрликтин протоколдук тапшырмалары агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Негизги багыттардын бири — фермерлерди кооперативдерге бириктирүү аркылуу чарбаларды ирилештирүү жана

И.Кубанычбеков: Кыргызстан пахтасын экспорттоодо көйгөй бар

И.Кубанычбеков: Кыргызстан пахтасын экспорттоодо көйгөй бар

Жогорку Кенештин пленардык жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, дыйкандардын эмгеги жана аракети тийиштүү деңгээлде бааланбай келет. Айрыкча пахта өстүргөн фермерлер оор абалда. "Фермерлер өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттой албай жатышат жана Кыргызстан ичинде да аны ылайыктуу баада сата алышпайт", — деди ал.