Ысык-Көл райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Ысык-Көл райондук прокуратурасынын жаңы  имараты ачылды

Ысык-Көл районунда прокуратуранын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Башкы прокурору М.Асаналиев катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ачылыш аземинде Башкы прокурор өз сөзүндө прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн институционалдык жактан бекемдөө мамлекет тарабынан туруктуу колдоого алынып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин чыңдоо жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштердин сапатына оң таасирин тийгизет.

Ошондой эле ал прокуратура кызматкерлерин кызматтык милдеттерин ак ниет жана жоопкерчиликтүү аткарууга чакырды.

Жаңы административдик имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, керектүү техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Бул өз кезегинде кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштурууга жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында прокуратура органдарынын имараттарын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери этап-этабы менен улантылууда. Бул багытта кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана прокуратура органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16