Рено Винье чакан ишканалардын мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирди

Рено Винье чакан ишканалардын мүмкүнчүлүгү чоң экенин билдирди

2017-жылдан тарта Швейцария өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга чакан бизнести колдоо демилгесинин алкагында 12 миллиондон ашык евро бөлгөнүн Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин экономикалык өнүгүү багытынын жетекчиси Рено Винье “Борбор Азиядагы жана Монголиядагы чакан, орто бизнести колдоо” конференциясында билдирди.

Анын айтымында, Швейцарияда компаниялардын 99 пайызы чакан жана орто ишканалар жана ошолор өлкө экономикасын атаандаштыкка туруктуу кылат. 

“Бизге конференциянын “Чакан жана орто ишканаларды өстүрөбүз – көп жана күчтүү” деген темасы жагып жатат. Бирок, швейцариялык көз караш менен алганда “көп” деген дайыма  эле негизги боло бербейт. Эң негизгиси ишканалар ийкемдүү жана акылдуу болуш керек. Кээ бир учурда чакан ишканалар деле ийгиликтүү боло алат”,-дейт Рено Винье. 

Буга улай ал көптөгөн майда ишканалардын аракеттеринин биригүүсү, идеяларды алмашуу жана бирдиктүү аракеттер жакшы жыйынтыктарга жеткирерин кошумчалады.   

Мындан тышкары окуңуз

МКУ жыл башынан бери 325 жаранга ОСАГО боюнча 33 млн сом төлөп берди

МКУ жыл башынан бери 325 жаранга ОСАГО боюнча 33 млн сом төлөп берди

2026-жылдын башынан бери Мамлекеттик камсыздандыруу уюму(МКУ) унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 325 жаранга 33 млн сомдон ашык каражат төлөп бергенин "Биринчи радио" эфиринде камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков билдирди. Анын айтымында: * 2024-жылы 48 автоунаа ээси 4,3 млн сом төлөм алган;

Фитосанитардык сертификатта дарек туура эмес болсо, чектөө колдонулат

Фитосанитардык сертификатта дарек туура эмес болсо, чектөө колдонулат

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин аймактык башкармалыктарында тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен жолугушуулар өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Аталган департамент фитосанитардык талаптарды так сактоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Иш-чаралардын негизги максаты — экспорттолгон жүктөр боюнча бара турган өлкөдөгү жүк алуучулардын даректерин фитосанитардык сертификаттарда туура

Бишкекте №23 мектептин жаңы имараты 560 окуучуга ылайыкталат

Бишкекте №23 мектептин жаңы имараты 560 окуучуга ылайыкталат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери улантылууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, имарат үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, мектеп 560 окуучуга ылайыкталган. Белгилей кетсек, билим берүү мекемесинин

Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды

Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды

Таласта милиция кызматкери Түркия жарандарынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо иштеринин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А.ны кармады. Тактап айтканда, Э.М.А. өзүнүн кылмыштуу ниетин