МКУ жыл башынан бери 325 жаранга ОСАГО боюнча 33 млн сом төлөп берди

МКУ жыл башынан бери 325 жаранга ОСАГО боюнча 33 млн сом төлөп берди

2026-жылдын башынан бери Мамлекеттик камсыздандыруу уюму(МКУ) унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 325 жаранга 33 млн сомдон ашык каражат төлөп бергенин "Биринчи радио" эфиринде камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков билдирди.

Анын айтымында:

  • 2024-жылы 48 автоунаа ээси 4,3 млн сом төлөм алган;
  • 2025-жылы 901 учур жөнгө салынып, 86,5 млн сом төлөнгөн.

2024-жылы МКУ болжол менен 74 миң ОСАГО полисин түзгөн, ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 350 миңден ашкан.

"2026-жылдын 1-январынан тарта полистердин саны 18 миңден ашты. Бул камсыздандыруу түрү жарандардын жашоосуна бекем киргенин көрсөтөт. Айрымдар айып пулдан качуу үчүн гана алса, көпчүлүк жарандар мүмкүн болуучу тобокелчиликтерден коргонуу үчүн аң-сезимдүү түрдө келишим түзүүдө", — деди Актан Турумбеков.

Эфирде айтылгандай, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашык автоунаа катталган. Алардын жарымынан көбү ОСАГО полисине ээ.

ОСАГО — бул транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Ал жол кырсыгынын натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган. ОСАГО полиси жок жеке жактар үчүн айып пулдар 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирген жана 3 миң сомду түзөт. Юридикалык жактар үчүн айып пул 13 миң сом өлчөмүндө белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media