Бишкекте жылуулук берүү качан башталат?

Жылуулук берүү жабдыктары толук даяр экенин, буйрук берилер замат жылуулук берилерин “Биринчи радио” эфиринен “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык мекемесинин башкы инженери Сабирали Кадыров билдирди.
Анын айтымында, мекеменин балансында 113 отказан болсо, анын 60ы газ менен, 19у электр энергиясы менен, 21и көмүр, 1өө буу менен иштейт. 12 отказан болсо техникалык кароодон өтүп жатат.
“Келерки сезонго жакшы даярдандык. Бул жылы оңдоо иштерине 65,4 млн сом бөлүнүп, биз баарына жетиштик. Бирок, суу түтүктөрдүн эскилиги боюнча көйгөйлөр мурдагыдай эле актуалдуу”,-дейт ал.
“Бишкекжылуулукэнерго” МИсинин үйлөрдүн ички түйүндөрү боюнча башкы инженердин орун басары Юрий Дмитрищенконун айтымында, 2015-жылдын 1-октябрына карата “Бишкекжылуулуктармагы” 3 374 метр жылуулук түтүктөрүн алмаштырып, 19 насостук станцияны оңдоп, №3 жаңы насостук станция курган. “Ошентсе да авариялардан кача албайбыз. Жылуулук тармактарынын 70 пайызыынын эскилиги жетип калды”.-дейт ал.