Күзгү сугат алкагында 220 миң гектар жер сугарылат

Кыргызстан боюнча күзгү сугат иштери активдүү жүрүп жатканын жана Суу ресурстары кызматынын структуралык бөлүмдөрү быйыл 220 миң гектар жерди сугарууну пландап жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Ведомствонун билдиришинче, 21-октябрга карата 156 миң гектар жер сугарылган. Адистердин айтымында, күзгү сугат өсүмдүктөрдун сугат мезгилинин башталышында көбүрөөк каныгып, жакшы тамыр алышына, кургакчылыкка туруктуу болушуна шарттайт.
Бул ыкма айрыкча, мөмөлүү бактарга, жер жемиштерге жана көп жылдык чөптөргө эффективдүү.