"Идеал-Фарм" ишканасы бир күндө 24 тонна дезинфекциялоочу каражат даярдайт

"Идеал-Фарм" ишканасы бир күндө 24 тонна  дезинфекциялоочу каражат даярдайт

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын “Идеал-Фарм” филиалы өндүргөн фармацевтикалык продукциялар Россия, Казакстан, Армения жана Беларуска экспорттолуп жатканын жетекчиси Изат Конокбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, филиалда 95 пайыздагы медициналык спирт эритмеси, антисептикалык жана парфюмерия-косметикалык каражаттар өндүрүлөт. 

 “Биздин каражаттар ички рынокко да чыгат. Бирок, суроо-талап азыраак болгондуктан өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко жөнөтүлөт. Сырьену “Кара-Балта спирт заводунан” алабыз. Завод күнүнө 5 литр көлөмдө 4 миң 800 бөтөлкө антисептикалык каражат чыгат. Эгер литр менен эсептегенде бир күндө 24 тонна дезинфекциялоочу каражат куюлат. Ал эми парюфмерия-косметикалык каражат күнүнө орточо эсеп менен 100 миллиграммдан 80 миң даана бөтөлкө чыгарылат”,- деди ал.

 Акыркы үч айда бул филиал 300 млн сомдон ашык продукцияны экспорттогон. Өндүрүштүн көлөмү өсүп, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары түзүлүп, товарды туруктуу жеткирүү жолго коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

“Ишкер айымдар” ментордук программасынын юбилейлик сезонуна чакан жана орто бизнесте кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алышат. Анкеталарды толтуруунун мөөнөтү – 2026-жылдын 2-мартына чейин. Кыргызстанда “Ишкер айымдар” ментордук программасынын бешинчи юбилейлик сезонуна катышуучуларды кабыл алуу башталды. Бул демилге аялдардын ишкерлигин колдоого жана экономикадагы аял-лидерлердин ролун бекемдөөгө багытталып, Европа реконструкциялоо

Улуттук банк: Кыргызстандагы эсептик чен коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу төмөн

Улуттук банк: Кыргызстандагы эсептик чен коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу төмөн

Кыргызстанда эсептик чен жарыяланган жогорулатууга карабастан, аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн бойдон калганын маалымат жыйында Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Россия Федерациясында эсептик чен 15,5%дан жогору деңгээлде сакталууда. "Эки жума мурда Россиянын Борбордук банкы эсептик ченди төмөндөтүү чечимин кабыл алган. Бирок ошого карабастан, ал 15,5%дан

"Газпром Кыргызстан" былтыркы газ төлөмдөрүнүн кескин жогорулашынын себебин билдирди

"Газпром Кыргызстан" былтыркы газ төлөмдөрүнүн кескин жогорулашынын себебин билдирди

Депутат Улукбек Карыбек уулу  Жогорку Кенештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында 2025-жылдын октябрь-ноябрь айларында газ үчүн төлөмдөрдүн кескин көбөйүшү боюнча шаар тургундарынын кайрылууларына көңүл бурду. Маселенин социалдык маанисин эске алуу менен ал түзүлгөн кырдаалга жол берген адамдардын жоопкерчилиги тууралуу суроо көтөрдү. Өз кезегинде "Газпром

Эң көп пластик чогулткан мектеп "Таза шаар" сынагынын жеңүүчүсү болот

Эң көп пластик чогулткан мектеп "Таза шаар" сынагынын жеңүүчүсү болот

Жогорку Кеңеш спикери Марлен Маматалиев бүгүн Бишкек шаарындагы мектеп директорлору менен жолугушууга катышып, 1-мартта баштала турган "Таза шаар" сынагын жарыялады. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кампаниянын алкагында жеңүүчү болгон мектептерге ири байгелер берилет. Пластик калдыктарын чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өтөт. Эң көп пластик чогулткан окуу