Кыргызстанда быйыл шекердин баасы кымбаттабайт

Кыргызстанда быйыл шекердин баасы кымбаттабайт

2025-жыл ичинде эки ишкана — “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” биргелешип 60 мин тоннага жакын кумшекер өндүрүүнү пландаштырууда.

Бул өлкөнүн ички керектөөсүнүн болжол менен 60% камсыздап, жылына 120-150 миң тоннага бааланат. Бирок, тартыштык болот деген кооптонууга эч кандай негиз жок: мурунку жылдын рекорддук жыйынтыгы жана импорттук кубаттуулук туруктуу камсыздоого кепилдик берет. Мындай маалыматты “Кошой” ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы, “Кайыңды-Кант” ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.

“Бизде өткөн жылдагы канттын запасы бар экенин эстен чыгарбаш керек. Зарыл болсо Беларусия, Россиядан дагы импорттосок болот" – дейт ал.

Анткени менен бирок узак мөөнөттүү инвестициялоого өнөр жай өтө албай жатат. Бирок ишканалардын социалдык ролу абдан чоң — Чүй жана Талас облустарынын 100 000ге жакын тургуну кант өнөр жайы менен алектенишет.

“Кант кызылчасы - өтө татаал айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири. Ал сууну, дыйканчылыкты, ак эмгекти көп талап кылат. Ошондуктан кант кызылчасын өстүрүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү өзгөчө мааниге ээ. Заводдорду толук кандуу пайдаланып, рентабелдүүлүктү камсыз кылуу зарыл. Ошондо биз канттын баасын арзандатсак болот”, - деп белгиледи “Кошой” кант заводунун директору Павел Немченко.

Октябрдын акырына карата Кыргызстандын кант заводдору стабилдуу иш ыргагына чыгышат. Быйыл түшүм аз болгондуктан кайра иштетүү былтыркыдан кеч башталды. Буга карабастан, өнөр жай туруктуу бойдон калууда: заводдор токтоп турган жок, ал эми фермерлер көлөмү азайса да, түшүмүн берүүнү улантууда жана кийинки эгип себүүгө, азыртадан эле камданып жатышат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Президент Садыр Жапаров 2025-жылы 25 чет өлкөлүк сапарга чыкты

Президент Садыр Жапаров 2025-жылы 25 чет өлкөлүк сапарга чыкты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы чет өлкөлөргө 25 жолу сапар кылганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул сапарлардын ичинен үчөө мамлекеттик, үчөө расмий жана он сегизи жумушчу сапарлар болгон. Ошондой эле 2025-жылы кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын

Билим берүү уюмдарында студенттерден айып пул өндүрүү практикасын токтотуу сунушталууда

Билим берүү уюмдарында студенттерден айып пул өндүрүү практикасын токтотуу сунушталууда

КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги КРнын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына, менчик формасына карабастан, окуу сабактарын жана өндүрүштүк практиканы калтыргандыгы үчүн студенттерден акчалай айып пул өндүрүү практикасын токтотуу сунушун билдирүүдө. Бул сунуш билим алуучулардын укуктарын камсыз кылуу, окуу тартибине карата адилеттүү жана бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу,

Алтын, күмүш, жез жана калайдын баалары тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти

Алтын, күмүш, жез жана калайдын баалары тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти

Алтын, күмүш, жез жана калайдын баалары дүйнөлүк чыңалуунун күчөшүнүн шартында жаңы тарыхый рекорддорду жаңылаганын Financial Times басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык, баалардын өсүшүнө инвесторлордун АКШнын Иранга мүмкүн болгон аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу кооптонуулары, ошондой эле Федералдык резерв системасынын көз карандысыздыгы тууралуу суроолор таасир эткен. Шаршемби күнү алтындын баасы 1,1%га өсүп,

Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет

Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыктар башталганын билдирди. Тышкы саясат ведомствосунун башчысы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өткөн жыл маанилүү эки тараптуу байланыштарга бай болгонун баса көрсөттү. Тактап айтканда, Президен Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары болуп,