Эмгек министрлиги: 1 851 жаш адис стажировкадан өтүп, 72%ы жумушка орношкон

Эмгек министрлиги: 1 851 жаш адис стажировкадан өтүп, 72%ы жумушка орношкон

Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте "Социалдык жардам жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоорунун алкагында жаштар стажировкасына мониторинг жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө "Элдик Банк" ААКнын "Мурас" филиалы жана Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейге барып, жумушсуз жаштарды стажировкадан өткөрүү жана жумушка орноштуруу маселелери талкууланды.

Маалыматка караганда, пилоттук долбоор 2024-жылы өлкөнүн 30 аймагында ишке киргизилген. Бул мезгилде жаштардан 1 851 адам стажировкага жөнөтүлүп, алардын 72%ы жумушка орношкон. "Элдик Банк" стажировкада активдүү өнөктөш болуп, 78 жаш стажердин 65ин банкка ишке алган.

Дүйнөлүк банк жаштар арасындагы жумушсуздукту кыскартуу жана эмгек рыногуна чыгышына көмөктөшүүнүн маанисин белгиледи. Пилоттук долбоордун алкагында жаштар керектелген кесиптер боюнча билим алып, коммерциялык банктарда практикалык тажрыйба топтоп жатышат.

Долбоор мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөрдүн натыйжалуу кызматташтыгын көрсөтүп, жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media