Кыргызстанда 9 айда 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган

Кыргызстанда 9 айда 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган

Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча иштер улантылууда. Бул ишмердүүлүк 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтом менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айында 4843 бала турмуштук оор кырдаалга кабылганы аныкталган. Алардын ичинен 2514 балага жекече иштөө пландары иштелип чыгып, 2488 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Министрлиги аныкталган балдардын дээрлик жарымына турмуштук оор кырдаалдан чыгууга жардам берген.

Мындан тышкары, 1277 үй-бүлө жардамга муктаж катары катталган. Алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык колдоо көрсөтүүнүн натыйжасында кризистен чыга алышкан.

Министрлик ошондой эле балдарга карата ырайымсыз мамиленин алдын алууга өзгөчө көңүл бурат. Ушул эле мезгил ичинде турмуштук оор кырдалга кабылган 444 бала ар кандай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган. Алардын баарына зарыл болгон социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-