Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү

Ысык-Көл облусундагы Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырым бөлүгүндө курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Ишкана маалымдагандай, учурда жер жумуштарынын 62 %ы аткарылды. Жолдун негизги бөлүгүндө суу өткөрүүчү түтүктөр жана тирөөч дубалдар орнотулуп, 700 метр аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Курулушка 100дөн ашык атайын техника жана 130 жумушчу тартылган.

Белгилей кетсек, аталган жол Жыргалаң өрөөнүнө жана "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортуна баруучу негизги каттамдардын бири.

Долбоор аяктагандан кийин туристтик аймактарга жетүү жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектин Исакеев көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады

Кайрымдуулукка багытталган “Биз биргебиз!” аттуу бир айлык башталды

Бишкек мэри элди ата мекендик кол эмгектерди сатып алууга чакырды

Бишкекте көмүр канча сомдон сатылууда?

Түндүк тиркемесине жаңы кызмат кошулду