Новопавловкада таза суу убактылуу өчүрүлөт
19-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Новопавловканын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ворошилов – Абакан – Крупская – Степная – Северная – Усупбаев – Көк-Кыя көчөлөрү.
Маалыматка ылайык, суу берүү №118 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратындагы диаметри 100 мм болгон түтүктө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу