Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө
2025-жылдын 1-октябрынан баштап Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, пенсия акыларына индексация жүргүзүлдү. Мындай билдирүүнү Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Нурзат Жакеева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында – “Жалпысынан базалык бөлүктөн сырткары, камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга жогорулады. Тагыраагы, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсиялар 600 сомдон кем эмес өлчөмдө жогоруласа, пенсиясы 50 000 сомдон ашкан пенсионерлердин пенсия акысы 5 000 сомго жогорулады. Өзгөчө учурларды эсепке албаганда, жалпы пенсиянын өлчөмү 7100 сомдон төмөн болбойт.
Жалпысынан Кыргызстан боюнча азыркы тапта 818,7 миң пенсионер бар. Бул пенсионерлер - курагы, майыптыгы жана баккан адамынын ажырагандыгы боюнча да топторго бөлүнөт.
Мындан сырткары ар бир соц фонддун топтомо бөлүгүнө эмгек акысынын 2 пайыз өлчөмүн чегерип жаткан жумушчулар өзүнүн топтолгон каражатын ГИКтен же курулуш компаниядан үй алганда чыгарып алышса болот.
“Мындан сырткары бул каражат: жарандар пенсияга чыкканда; баккан адам каза болгондо анын каражаты үйбүлөөсүнө төлөнөт; ошондой эле оор илдет менен ооругандарга төлөнүп берилиши каралган. Азыркы тапта бул топтомо каражатты 1964-жылдан кийин туулган эркектер жана 1969-жылдан кийинки аялдар гана ала алышат”. – деди Нурзат Жакеева.
Билдирүүгө караганда, ар бир иштеген жаран “Түндүк” бирдиктүү терезеси аркылуу өзүнүн эмгек акысынан 2 пайыздан кармалган, топтомонун суммасын көрүп алса болот.