Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн.

Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн.

Аукциондор боюнча маалымат:

Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын колдонуу менен кең тилкелүү байланыш системаларын экинчи негизде пайдалануу үчүн каралган.

Аукционго коюлган үч участоктун ичинен эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылып, баштапкы баасы 128 млн сомдон ашкан радиожыштык 1 млрд 552 млн сомдон жогору баада сатылган.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,