Акча которуулар жалпы каржылык түшүүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүн ээлейт

Акча которуулар жалпы каржылык түшүүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүн ээлейт

Чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар - кыргыз үй-бүлөлөрүнүн негизги киреше булагы жана өлкө экономикасынын олуттуу бөлүгү бойдон калууда. Мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев социалдык баракчасында жарыялаган. Анын айтымында акча которуулар жалпы каржылык түшүүлөрдүн төрттөн бир бөлүгүн ээлесе, анын 40% га чейинкиси түштүк аймактарга таандык. Эгерде акча которуулар болбосо жакырчылыктын деңгээли дээрлик 50% га жогоруламак.

“2022-жылдан бери миграциялык баланс биринчи жолу оң жагына өзгөрүүдө: Кыргызстанга келгендердин саны кеткендерге караганда көбөйдү. Үч жылдын ичинде бул айырмачылык 6 миңден 11 миңге чейин өстү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасында 620 миңден ашык жумуш орду бар – бул үч жылдан ашык убакытка караганда 80 миңге көп. Көптөгөн бош орундар дале ачык бойдон калууда – рынокто квалификациялуу адистер жетишсиз” – деп билдирген М. Тургунбаев.

Улуттук банктын башчысынын айтымында, мурда акча которуулар күнүмдүк гана колдоо көрсөтчү болсо, эми тажрыйба жана капитал менен миграциядан кайтып келген адамдар жылдарга карата экономикалык салымын кошуп жатышат.  

Натыйжалар байкаларлык: чакан жана орто бизнестин саны 16,8ден 19,1 миңге чейин көбөйдү, ал эми алардын ИДПдагы үлүшү 39,8%дан 47,3%га чейин өстү. Ал эми орточо эмгек акы 20%га көбөйүп, 42 500 сомго жетти”.

Бүгүнкү күндө эң маанилүүсү кайтып келгендердин санында эмес, алар алып келген өзгөрүүлөрдүн сапатында. Башкача айтканда, кайтып келүү экономикасы жөн гана акча жөнүндө эмес, миграциянын тажрыйбасы мамлекеттик системаларды жаңылантуу куралына айлангандыгы жөнүндө - дейт, Турганбаев.

Мындан тышкары окуңуз

ТИМде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган

ТИМде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары каралды.  Ага ылайык, Тышкы иштер министрлигинде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинен бюджетти аткарууда, мүлктү

Быйыл 1,775 млн тонна дан эгини жыйналды

Быйыл 1,775 млн тонна дан эгини жыйналды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы республика боюнча айыл чарба эгиндерин жыйноо иштери аяктап калды. Түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду. Дан эгиндери: 679 миң гектар аянттын 93% жыйналды, дүң жыйым 1,775 млн тоннага жетти. Жашылчалар: 56,6 миң гектардын 96,2% жыйналды, жалпы 791,4 миң тонна

Бишкек шаарынын калкы 2050-жылы 2 миллионго жетеби?

Бишкек шаарынын калкы 2050-жылы 2 миллионго жетеби?

Бишкек мэриясынын болжолдуу маалыматы боюнча жакынкы 25 жыл ичинде Бишкек шаарынын калкы 2 миллионго жетет. Мындай маалымат шаардын 2025-2050-жылдарга карата Башкы планында көрсөтүлгөн.  Башкы пландын маалыматы боюнча мындай божомол калктын табийгый жана миграциялык өсүшүнө байланыштуу.  “2050-жылга шаар калкынын саны 1 млн 920 миң адам болору күтүлуп жатат. Бишкектин эмгек ресурсу

Самарбүбү Кушубакова: “Жети облустун мөмө-жемишинен жасалган кактарыбыз Японияга чейин экспорттолот”

Самарбүбү Кушубакова: “Жети облустун мөмө-жемишинен жасалган кактарыбыз Японияга чейин экспорттолот”

Адегенде балдарына витамин болсун деп как жасап көргөн Самарбүбү Кушубакова азыр кактарын чет өлкөлөргө чейин экспорттойт. Ашканасынан башталган бул чакан бизнес кантип өнүгүп, кандай ийгиликтерге жеткенин, ошондой эле айымдардын ишкерлик жолундагы тоскоолдуктар менен мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маек куруп берди. - Самарбүбү айым, как жасап сатуу идеясы сизге кантип келген? - Үч