Дүйнөлүк каражат топтоо күнү старт алды

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү старт алды

27-октябрынан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы старт алды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында, 27-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда ар кандай ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт.

Бул маанилүү ишчарага мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышып, өспүрүмдөргө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет. 

Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат Финсабат маалымат-билим берүү порталында жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Intel дүйнөлүк ири корпорациясы 35 500 кызматкерин кыскартты

Intel дүйнөлүк ири корпорациясы 35 500 кызматкерин кыскартты

Intel корпорациясы жаңы башкы директор Лип-Бу Тан баштаган штаттарды оптимизациялоо боюнча масштабдуу программасынын алкагында кызматкерлердин санын дээрлик 35 500 адамга кыскартканы Tom’s Hardware басылмасы жазды.  Компаниянын Баалуу кагаздар жана биржалар үчүн даярдаган акыркы отчету боюнча 3 айда эле бул корпорацияда 20 миң 500 кызматкер кыскартылган.  2025-жылдын сентябрь айынын аягында

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 9,57 млн сом  насыя бөлүндү

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 9,57 млн сом насыя бөлүндү

Бишкек шаары жана Чүй облусун газдаштырууну колдоо максатында «Жеңилдетилген каржылоо-3» долбоору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» катышып, кредиттөө көлөмү жалпы 200 млн сомду түзөт. 9-октябрга карата республика боюнча 73 каржылоо субъекти 9,57 млн сом суммасында

Берлинде кыргыз-немис инвестициялык кызматташтыгы талкууланды

Берлинде кыргыз-немис инвестициялык кызматташтыгы талкууланды

Өткөн аптада экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын депутаты Шлефан Майер жана Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-немис экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин

ТИМде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган

ТИМде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталган

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары каралды.  Ага ылайык, Тышкы иштер министрлигинде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинен бюджетти аткарууда, мүлктү