Кыргызстан-Түркия өнөр жай тармагында кызматташтыкты макулдашты
Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай, илим, технология жана инновациялар боюнча экинчи министрлер жыйынынын алкагында КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мехмет Каджыр менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти, өзгөчө көңүл өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында технопарктарды жана индустриалдык зоналарды түзүү маселелерин, ошондой эле бул багытта Түркиянын алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашууларды белгилешти.