Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктүн өлкөгө киришине бөгөт койду

Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктүн өлкөгө киришине бөгөт койду

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына жалпы суммасы 4,6 млн сомду түзгөн, коштомо документтери жок товарлардын бир катар түрлөрүн мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду.

 Аталган кызматтан маалымдагандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөндөн кийин Mercedes Sprinter  автомашинасы текшерилип, андан коштомо документтери жок жүк ташуучу унаалар үчүн ар кандай тетиктер табылган. Аталган товарлардын жалпы баасы 2,1 млн сомдон ашат.
 Ошондой эле эсепке алынбаган товардын бар экендигине шек жараткан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа каралган. Аны текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү коштомо документтери жок товарлар — тармактык кабелдер, өрт системасы үчүн датчиктер, акциздик маркасы жок мотор майлары, лак кетирүүчү суюктуктар, оюнчуктар жана башка аталыштар табылган. Аныкталган товардын жалпы суммасы 2,5 млн сомду түздү.

 Бул автоунаалар айып короо жайына киргизилди. Мыйзамсыз жүктү алып кирүү фактылары боюнча тиешелүү актылар түзүлдү.

 

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз