Тосор айылында табийгый мөмө-жемиш ширелери чыгарыла баштады
Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жер-жемиштерден сапаттуу, эч кандай кошулмасысыз, табийгый ширелер өндүрүлүп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мындай шире өндүрүү ишин “Тосор Органик” айыл-чарба товардык-сервистик кооперативи колго алган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 700 литрге чейин шире чыгарууга мүмкүндүк берет.
Ишканадан алма, алмурут, өрүк ширелери жана аралаш мультифрукт ширеси чыгарылат.
Өндүрүштө жергиликтүү дыйкандардан алынган таза жана экологиялык мөмө-жемиштер пайдаланылат. Продукция консерванттарсыз жана химиялык кошулмаларсыз чыгарылып, ар кандай көлөмдөгү идиштерде сатыкка чыгарылат.
Аталган кооператив ушул тапта өз продукциясын өлкөнүн ички рыногуна сунуштап, жергиликтүү керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ден соолукка пайдалуу продукция менен камсыздап жатат.