Быйыл 9 айда 314,7 млрд сом салык чогулду
Финансы министрлигинин маалыматында жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга жогору болгону камтылды.
Тагыраагы, январь-сентябрь айларында 314.1 млрд сом салык чогултулуп, бул 2024-жылдын 9 айындагы жыйналган салыктан 66,8 млрд сомго көп болгон.
Жылдык план боюнча быйылкы жылы 394,7 млрд сом салык жыйланышы керек болчу.
Октябрь айынын башында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, салыктык акча түшүүлөр жыл башынан бери болжол менен 212 млрд сомду түзүп, пландалган деңгээлден 9 млрд сомго көп болгонун айткан. Буга улай ал чакан жана орто бизнеске бир топ салыктык жеңилдиктер берилгенин баса белгилеген.