Кыргызстанда 3926 алимент карызкору дарегин өзгөрткөн

Кыргызстанда 3926 алимент карызкору дарегин өзгөрткөн

Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында алимент төлөмүнүн көлөмүн азайтыш үчүн  жашаган дарегин өзгөрткөн 3 926 карызкор катталганын Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капалов билдирди. 

Анын маалыматына ылайык, эгер алимент боюнча карызкор расмий бир жерде  иштебесе жана кирешеси жок болсо, анда алименттин көлөмү анын жашаган регионундагы орточо маянанага ылайык эсептелет. А ар башка райондо орточо эмгек акы ар кандай болгондуктан айрым карызкорлор алиментти аз төлөш үчүн киреше деңгээли аз райондорго катталышат. 

 Алименттин көлөмү ушул тапта бир балага кирешенин – 25%ы, 2 балага ­– 33%ы, 3 же андан ашык бала болсо кирешенин – 50%ы төлөнөт. 
 Эске салсак, ушул жылдын 23-июнунда Президенттин алимент төлөбөй жүргөн карызкорлордун жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жарлыгы чыккан. Ага ылайык алимент төлөөдөн качкандар Укук бузуулар кодексинин 443 -беренесине – 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жана Кылмыш Кодексинин 178-беренесине – эркинен ажыратуу өзгөртүүлөрү кирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткен ИИБинде заманбап эксперттик-химиялык лаборатория ачылды

Баткен ИИБинде заманбап эксперттик-химиялык лаборатория ачылды

Баткен облусун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы аталган мекемеде химиялык лабораториянын ачылышы менен эксперттик-криминалистикалык кызматтын мүмкүнчүлүгү кеңейгенин билдирди.  Мурда Баткен ИИБинде эксперттик бүтүм  ок атуучу  жана кесүүчү куралдар, манжалардын издери менен гана жүргүзүлүп келсе,  эми наркотикалык заттар менен алардан жасалган психотроптук заттарга анализ жасоого жана жеринде эксперттик бүтүм чыгарып берүү

Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады

Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков экспорттоочулар жана кайра экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Иш-чаранын максаты — ЕАЭБ алкагында товарларды экспорттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоо. Катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди даярдоо, шайкештик сертификаттарын алуу жана электрондук эсеп-фактуралар боюнча практикалык сунуштар берилди. Жолугушууга Экономика жана

Өкмөт бийик тоолуу деп 33 жаңы калктуу конушту каттады

Өкмөт бийик тоолуу деп 33 жаңы калктуу конушту каттады

Министрлер Кабинети 33 жаңы калктуу конуштарды бийик тоолуу деп бекитти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. МинКабдын токтому менен Кыргызстандын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын жаңы тизмеси бекитилди. Мурда жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөр жана “Мамкартография” мекемесинин анализинин негизинде, 33 калктуу конуш бийик тоолуу катары катталды. Ошондой эле 62 калктуу

"Лукойл" компаниясы чет өлкөдөгү активдерин сатарын маалымдады

"Лукойл" компаниясы чет өлкөдөгү активдерин сатарын маалымдады

Россиянын “Лукойл” нефти компаниясы Американын санкцияларынан улам чет өлкөлөрдөгү активдерин сатарын компанияынн малымат кызматы билдирди.  Компания активдеин санкцияга жоопкерчиликтүү болгон АКШ ФИнансы министрлигинин Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө  башкармалыгынын (OFAC) лицензиясына ылайык сатат.   Эгер зарыл болсо “Лукойл” чет өлкөлөрдөгү активдеринин үзгүлтүксүз иштеши үчүн лицензияны узартууга арыз берүүнү пландаштырып жатканы баса белгиленген.