Үрөөнчүлүктү өнүктүрүү үчүн 2,85 млн сом жеңилдетилген кредит берилди
КРда үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү максатында, КРнын Министрлер Кабинетинин “КРда үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү” долбоору бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышып, аларды кредиттөөнүн суммасы 100,00 млн. сом болгондугун Финансы министрлигинен маалымдашты.
2025-жылдын 9-октябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 2 каржылоо субъектине 2,85 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.