Бишкектеги ири соода борборлорунан мыйзамсыз уюлдук телефондор табылды

Бишкектеги ири соода борборлорунан мыйзамсыз  уюлдук телефондор табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери борбордогу Айчүрөк соода борборунун 12 соода түйүнүнөн, Чынар соода борборунан, Victory бизнес-борборунан, ошондой эле Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү кампадан чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген уюлдук телефондорду табышканын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери “Манас” бажысынын оперативдүү бөлүмү менен биргеликте контролдук сатып алуу жана тинтүү кылышып, “ЕАИС” жана “Смарт Бажы” базасында катталбаган 243 ар кандай бренддеги телефондорду табышкан. 

Бажы кызматынан билдиришкендей, мындай каттоонун жоктугу товарлардын өлкөгө мыйзамсыз киргизилгенин далилдейт.

Бул иликтөө иш-чарасы чет өлкөлүк үлгүдөгү уюлдук телефондорду тиешелүү бажылык каттоосу жок киргизип, сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Материалдар андан ары дагы иликтөө үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына  тапшырылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media